Turmush — Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылынын 53 жаштагы тургуну Мадияр Найманбаев менен 48 жаштагы жубайы Гүлшайыр Аширова экөө Япониядан алынып келинген ашкабакты өстүрүп жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.
Өздөрүнүн айтымында, экөө 1996-жылы баш кошкон.
«Жолдошум экөөбүз тең аскер комиссариатында иштейбиз. Мен кесибим боюнча медайыммын. Анан бир жумушту эле карап отура бербейли деп, айыл чарба иштери менен алектенип келгенбиз. Акыркы жылдары төө буурчактын түшүмү абдан азайып кетти. Ошондуктан айыл чарба багытында келген долбоорго катышып, 3 жыл мурун 10 сотых жерге ашкабак тигип баштаганбыз. Ал жылы 90 миң киреше алып, кызыгып экинчи жылы тиктик. Ал жерден 190 миң сом киреше көрдүк. Быйыл ашкабакты үчүнчү жылы тигип жатабыз. Быйыл 20 сотых жерге айдадык.
Биздин айыл тоонун этегинде жайгашкан. Алгач бул ашкабактын данегин күнөсканага өстүрөбүз. Ал жакта аталык данегин 10 күн мурун тигип, ал жетилип баштаганда, анан энелик урук тигилет. Уруктарын атайын долбоордун өкүлдөрү алып келип берет. Бул долбоор аз жерден көп киреше ал деген максатта экен. Ашкабак Япониядан келген. Биз япон сорту деп коёбуз. Ашкабактын данегин кайра япондор текшерип келип, өздөрү сатып алышат. Жаңы баштаган жылы 1 кг данеги 22 доллар болчу. Быйыл 26 доллар болду. Бул ашкабактын данеги дарыга кошулат экен. Ошол себептен бааланат экен.
Бул ашкабактын эң эле өзгөчөлүгү — чаңдашуусунда. Жасалма жол менен чаңдашат. Кечинде аталыгын үзүп коюп, анан энелик гүлдөрүнө тийгизип, аны кайра кагаз менен гүлдү бекитебиз. Изоляция кылуу деп аталат экен. Изоляциянын максаты — аарылар, курт-кумурскалар менен чаңдаштырбоо. Анда өзүнүн касиетин жоготуп коёт деп үйрөтүшкөн. Ошондуктан, өзүбүз чаңдаштырабыз. Быйыл дагы буйруса түшүм жакшы болот деп күтүп жатабыз», - деди Гүлшайыр айым.
Жубайлар 3 кыз, 1 уулдун ата-энеси.