Turmush — Кемин шаары быйыл 11 жылдыгын белгилеп жатат. Бул шаар Чүй дарыясынын жээгинде, Бишкектен 95 чакырым чыгышта жайгашкан. 1954-жылы шаар тибиндеги кыштак болсо, 2012-жылы шаар макамын алган. Калкынын жалпы саны 10 миӊден ашык. Ал эми бюджети 40 млн сомдун тегереги. Жетекчиси — Кайрат Абдывалиев.
11 жылдык мааракеге карата 28-сентябрда футбол, аркан тартыш уюштурулуп, жеӊүүчүлөргө кубок, медаль, ардак баракчалар тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чара маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду. Кечинде жаштар үчүн дискотека уюштурулуп, фейерверк атылды.
Шаары мэри Кайрат Абдывалиевдин маалыматына караганда, быйыл, 2023-жылы «Кемин-Касиет» бала бакчасы капиталдык оӊдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул бала бакча 2014-жылы муниципалдык менчикке кайтарылган. Бала бакча 180 орунга ылайыкталган.
№3 мектептин терезелери жаӊыртылып, короосуна таштаман төшөлдү. Мектеп 1977-жылдан бери оӊдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ошондой эле, «Байчечекей-Кемин» бала бакчасынын чатыры алмаштырылды. Өрт кырсыктарын алдын алуу үчүн ар бир бала бакчага атайын жабдыктар орнотулду.
Кемин шаардык кеңешинин депутаты Сайнидин Касымалиевдин сунушу менен Кыргызстандын базарлар ассоциациясы Кемин районунун ишкерлерине дем берүү чечимин кабыл алып, аларга сыйлык тапшырылды. Кемин шаарында соода тармагында 552 миң адам иштейт.
Кемин шаарына жүздөгөн кайыӊ жана теректер отургузулду.
Учурда бюджеттен 10 млн 500 миӊ сом каралып, Тукеев көчөсүнүн 1 чакырым 700 метр тилкеси асфальтталып жатат. Жибек-Жолу көчөсүнүн 2 чакырым тилкесине шам чырактар коюлууда. Буга 6 млн сомдой каражат жумшалат. Ал эми Коопсуз шаар долбоорунун алкагында 5 млн 500 миӊ сом каралып, мектеп, бала бакчалардын баарына видеокамералар орнотулуп жатат.