Turmush — Чүй облусунун Кемин шаарында «Кемин-Касиет» бала бакчасы капиталдык оӊдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Кемин шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган бала бакча 2014-жылы жеке менчик колдон кайтаралып алынган. Кечээ, 19-июлда бала бакчанын расмий ачылыш аземи өттү.
«Ачылыш аземге Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Альвина Беделбаева, Кемин шаардык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышты.
Ачылыш аземде демөөрчүлүк көрсөткөн бардык инсандарга ыраазычылык каттар тапшырылып, Кемин шаарынын жалпы тургундары алкыш айтты. Анткени 2014-жылдан бери жылда акырындык менен оӊдоп-түзөө иштери жүрүп, бирок аягына чыкпай келген. Быйыл толук кандуу аяктап, апрель айында колдонууга берилди», - деп айтылат маалыматта.
«Кемин-Касиет» бала бакчасы 180 балага ылайыкталган.
- Кемин шаары боюнча жалпы 4 бала бакча бар.