Turmush — Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарында 48 миӊ адамды тейлей турган калкты тейлөө борбору курулду.
Маалым болгондой, калкты тейлөө борборунун курулушу 2021-жылы башталган. Кемин районунун өнүктүрүү фондунан 34 млн сом бөлүнүп, Кемин шаардык мэриясы тарабынан курулду.
Мэриянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө курулуш иши 100 пайыз бүткөрүлүп, борбор пайдаланууга берилди.
«Борбордо Кемин 03-08 регион аралык бөлүм, «Кыргыз почтасынын» кассасы бар. Тиешелүү кызматтар дагы кошулат. Жакын арада толугу менен санариптештирүү болот. Калкка ыӊгайлуу болуш үчүн эки кызматкер кезекти талон менен бөлүштүрөт. Жалпысынан 12 адам иштеп жатат. Кемин районунун калкынын саны 48 360 адам», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.