Turmush — Кемин шаарынын 59 жаштагы тургуну Кенже Абдылдаева окуучу кезинде 1 гектар жерден 700 центнер кызылча алып, рекорд койгон. Ал ошол убакта партиянын чогулушунда доклад окуп, башкарманы сындаган. Райондогу мамлекеттик гезитте кабарчы болуп иштеп жүрүп, ошол эле райондун жетекчилигин сындап, шайлоодогу мыйзам бузууларды жазган.
Жогорку окуу жайдан билим алууга мүмкүнчүлүгү болбой калса да, эмгек жолунда үзүрлүү ийгиликтерге жетишкен каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.
Ал 1963-жылдын 1-декабрында Кемин районунун Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.
«Учурда Кемин шаарында жашайм. Бир уул, бир кыздын энесимин. Уулум "Скорпион" атайын багыттагы аскер бөлүгүндө кызмат кылат. Кызым Кемин райондук прокуратурасында эмгектенет. Экөө тең үй-бүлөлүү.
Мен өзүм 1971-1981-жылдары Кара-Булак орто мектебинде окугам. Мектепти жалаң "5" деген баалар менен аяктагам. Өмүр бою окуткан мугалимдериме терең таазим этем. Алардын өз кесибине берилүү менен эмгектенгендигинин натыйжасында мен өз турмушумда жакшы ийгиликтерге жетиштим деп баса белгилегим келет. Турмуш шартка байланыштуу жогорку окуу жайдан билим албадым. Бирок, көптү окуп, көптү билүүгө умтулуум күч болду. Жогорку билим албасам да, жакшы кызматтарда иштедим.
"Бирлик" совхозунда диспетчер жана комсомол комитетинин катчысы милдетин ийгиликтүү аркаладым. Аялдар кеңешин жетектедим. Коммунисттик партиянын катарына өттүм. Коммунист болуу ал кезде абдан сыймыктуу жетишкендик болгон», - деди каарманыбыз.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...