Turmush — Кыргызстандагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу боюнча Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, коомдук бирикмелердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевге ачык кат жолдошту.
Кайрылуу өзгөртүүсүз жарыяланат:
Урматтуу Тилек Мурсалиевич!
Калкты сугат суу менен камсыз кылуу айыл чарбанын өнүгүүсүнүн өзөгү экенин түшүнүү менен, эски көйгөйлөрдү жаңыча чечүү жолдорун аныктоого ынтызар болуу менен, сиздин жаңы кызматыңызда бул маселени чечүү максатыңыз бар деп ишенүү менен сизге өтүнүч-сунуштарыбызды билдиргибиз келет.
Өлкөбүздө 1 млн гектардан ашык сугат жер болсо, анын 736 миң гектарын сугат суу менен камсыз кылуу кызматы, 486 Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) камсыз кылат. Ошол эле учурда өлкөбүздө ички ирригациялык инфраструктурасынын бүгүнкү абалынын начардыгынан жана сугат сууну жеткирүү кызматы канааттандырарлык болбой жаткандыктан, дыйкандардын талаасына өз убагында керектүү көлөмдөгү сугат сууну жеткирүүдө көйгөйлөр бар экени дыйкандар тарабынан айтылууда.
Бул көйгөйлөрдүн себептерин жана чечүү жолдорун аныктоо үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын, СПА жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү тарабынан демилгелүү топ уюшулуп, иштеп келе жатат. Бул топ 2018-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында ички сугат суу маселесин райондук жана облустук деңгээлде талкуулап, ал жылдын декабрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн улуттук конференциянын негизинде түзүлгөн. 2019 жылы ар бир облустарда жалпысы болуп 560 өкүл катышкан талкууларды өткөргөн. Бул иш-аракеттердин негизинде бир нече негизги көйгөйлөр аныкталган.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 5,7 миң км чарбалар аралык каналдарды райондук суу чарба башкармалары тейлейт. Ал эми 23.2 миң км ички чарбалык каналдар СПАнын тейлөөсүндө. Чарбалар аралык каналдарды капиталдык оңдоого жана калыбына келтирүүгө жылына республикалык бюджеттен 370 млн сом каржыланса, ички каналдарга СПАнын бюджетинен болгону 34,9 млн сом оңдоп-түзөөгө гана каржыланат. Башкача айтканда капиталдык ремонт жана калыбына келтирүү иштерине акча жетпей калат. Учурда 18 миң километрден ашык ички каналдар жер каналдары болуп, капиталдык ремонтко муктаж. Анын айынан 40-60% сугат суу дыйкандын талаасына чейин эле жерге сиңип, жоготууга учурайт.
«СПАлардын кароосундагы ирригациялык объектилерге суу чарба департаменти тарабынан даректүү жардам берүүгө мыйзам жол бербейт... Ички каналдарды оӊдой турган болсок, буга эл аралык эксперттердин аныктоолору боюнча 10,5 миллиард сом талап кылынат», - деп Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев демилгелүү топ тарабынан өткөрүлгөн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2019-жылдын 29-апрелинде Ош шаарындагы көчмө жыйынында билдирген.
Ички каналдарды калыбына келтирүү чоң каражатты талап кылат. Мындай каражат СПАнын бюджетинде жок.
Адилеттүүлүк үчүн белгилеп кетүүчү нерсе, ички ирригациялык тармактарды курууга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттен жеңилдетилген 25% гана кайтарым менен насыя берилип жатат. Ошентсе дагы, СПАлар тарабынан кайтарым начар болуп жатат. Бул насыянын эсебинен 133 СПА 2309 км ички каналдарды реабилитация кылышкан, б.а. жалпы ички ирригациялык инфраструктуранын 10 пайызы. 2019-жылдын аягына карыз 691 млн 288 миң болсо, кайтарымы 110 млн сомду түзүп, болгону республика боюнча насыя кайтарымы 17 пайыздын тегерегинде. Учурда карыздын 300 млн сомдон ашыгы кечиктирилген төлөмдөр, б.а. бул 300 млн сомго айып пул, туум кошулуп жатат, карыздын суммасы күндөн күнгө өсүп жатат. Бул көрүнүш учурда СПАлар инвестициялык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу башкарууну камсыз кыла албаганын билдирет. Ошондой эле Мамлекет СПАларды колдоого ресурстарын тартканы менен, тарифтик саясатты жана кредиттик каражаттарды башкаруу саясатын көзөмөлдөбөйт.
2020-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин 9 депутатына ички ирригация системасындагы көйгөйлөр туралуу Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан ЖӨБ органдарынан жана СПА жетекчилеринин атынан 10 кат жиберилген. Ошондой эле август айында Кыргызстандын президентинин атына 22 кайрылуу кат жөнөтүлгөн. Ал каттарда дыйкандарга сугат суу жетпегени тууралуу айтылып, төмөнкүлөр белгиленген:
- СПА – коомдук ишкана жана материалдык-финансылык, техникалык абалы жетишсиз;
- Дыйкан сугат суу кызматы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй койсо, СПА эч нерсе кыла албайт;
- Айыл өкмөтү тарабынан ички ирригацияга колдоо көрсөтүүгө кийлигишүүгө мыйзам жол бербейт;
- Айыл өкмөтү өз алдынча ички ирригациялык каналдарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү жок;
- Ички ирригациялык системалар азыркы талапка жооп бербейт, б.а. көпчүлүк ички каналдар жер канал бойдон, абалы начар;
- СПАда ички каналдарды оңдоого акча каражаты жетишпейт;
- Көпчүлүк СПАлар ички ирригациялык системаларды калыбына келтирүү үчүн алган насыялардын кайтарымы начар.
СПА өзүн-өзү башкаруу жана өзүн-өзү жөнгө салуучу, өзүнүн мүчөлөрүн, (дыйкандарды) сугат суу менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктарын канааттандыруу жана ички каналдарды кароо максатында түзүлгөн коомдук уюм катары, өзүнүн негизги милдеттерин толук кандуу аткарууга даяр эмес экени коомдук талкууларда белгиленген. Андыктан ички ирригация системасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу четте калган.
Урматтуу Тилек Мурсалиевич,
Сугат сууну дыйкандарга жеткирүү учурда актуалдуу маселе болгондуктан, бул тармактагы көйгөйлөр, жогоруда көрсөтүлгөндөй бир нече жолу талкууланып, сунуш-пикирлерибиз калыптанып калган. Ошол сунуш-пикирлерибизди Сиз менен бөлүшүп, биргеликте талкуулоо максатында демилгелүү топтун мүчөлөрүн жеке кабыл алууңузду суранып кайрылып жатабыз.
Кайрылууга кол койгондор:
- «Абад» коомдук фонду;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык ассоциациясы;
- Кыргыз Республикасынын Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын улуттук биримдиги;
-
«Био-KG» органикалык кыймыл федерациясы-ассоциациясы жана:
ААА |
Уюм |
Позиция |
Район, облус |
Абдазов Ш. |
СПА "Аббоккори-Ата" |
Директор |
Сузак, Жалал-Абад |
Жолдошев Т. |
СПА "Кашка Суу" |
Директор |
Базар-Коргон, Жалал-Абад |
Саражиев А. |
Багыш айылдык кеңеши |
Төрага |
Сузак, Жалал-Абад |
Жолболдуев А |
СПА "Достук-Багыш" |
Директор |
Сузак, Жалал-Абад |
Эргешев Т |
СПА "Кеңеш Суу" |
Директор |
Б.Коргон, Жалал-Абад |
Мусаев К. |
Кызыл Октябрь айылдык кеңеши |
Төрага |
Өзгөн, Ош |
Жороев Р |
СПА "Мырза Суу" |
Директор |
Базар-Коргон, Жалал-Абад |
Муратов Н. |
СПА "Ноокен-К" |
Директор |
Ноокен, Жалал-Абад |
Калмурзаев А. |
Атабеков айылдык кеңеши |
Төрага |
Сузак, Жалал-Абад |
Бекташев З. |
СПА "Шабнам" |
Директор |
Сузак, Жалал-Абад |
Акматалиев К |
СПА "Сакалды Суу" |
Директор |
Ноокен, Ж-Абад |
Исманов К |
СПА "Алтын Суу" |
Директор |
Сузак, Жалал-Абад |
Ахмедов М. |
СПА "Бек Абад Суу" |
Директор |
Сузак, Жалал-Абад |
Назирбаев М |
СПА "Таймонку" |
Директор |
Ноокен, Жалал-Абад |
Раимов А |
СПА "Юнусов А" |
Директор |
Сузак, Жалал-Абад |
Бекназаров Т |
СПА "Сүйүнбай Суу" |
Директор |
Ноокен, Жалал-Абад |
Кадыркулов Ш |
Ырыс айыл кеңеши |
Төрага |
Сузак, Жалал-Абад |
Сейитова Ж |
Момбеков айыл өкмөтү |
Башчы |
Ноокен, Жалал-Абад |
Стамбаев Т |
Момбеков айыл кеңеши |
Төрага |
Ноокен, Жалал-Абад |
Бакиров Ш. |
РОП |
Директор |
Ноокен, Жалал-Абад |
Ташиев К. |
Шайдан айыл өкмөтү |
Жетекчинин орун басары |
Ноокен, Жалал-Абад |
Абласанов Т. |
СПА "Шайдан- Кара-Унгур" |
Директор |
Ноокен, Жалал-Абад |