Turmush — Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагынын айылдарында жазгы талаачылык иштерин, жайлоого көчүү-конуу иштери боюнча жыйындар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, жыйындарга Ормон-Хан айыл аймагынын башчысы, жайыт комитетинин башчысы катышып, Кочкор, Теңдик, Семиз-Бел, Кара-Күңгөй, Кара-Саз, Исакеев, Көк-Жар айылдарында жергиликтүү тургундар менен бирге өткөрүлдү.
Жыйында жазгы жер айдоо, себүү, чабуу, малчылардын жайлоого көчүп-конуусу боюнча баалары коюлду.
Жалпысынан Кочкор району боюнча малчылардын кой багуусуна ар бир кой башына 100 сомдон, бодо малдарды багууга бир бодо үчүн 600 сомдон баа коюлду. 25-апрелге чейин сарайлардан жайлоого көчүү тартиби бекитилди. Ошондой эле топоз баккандарды алыскы Кара-Кужур, Кара-Саз, Жалак-Бел жайлоосуна көчүрүү талабы айтылды. Себеби топоздор ички жайлоолордун чөбүн калтырбай оттоп салып, күзүндө малдар келгенде жайыт жерлер такыр болуп калууда дешти айыл тургундары.
Айдап-себүү боюнча:
- жер айдоо — 2000 сомдон (25 литр май);
- себүү — 1000-2000 сомдон;
- тырмоо — 1000 сомдон (10 литр май);
- түздөө-таптоо иштери — 800 сомдон (10 литр май);
- эгин чапканга — 5000 сомдон;
- чөп чабуу — 1200 сомдон (майы ичинде).
Ал эми Кара-Саз, Кара-Күңгөй айылдарынын механизаторлору бул баалар арзан экенин, бул айылдын жерлери таштак болуп, жер айдап жатканда соконун тиштери көбүрөөк сынаарын айтышты.